Жанылыктар

«Биоэтика, биомедициналык изилдөөлөрдүн этикалык экспертизасы жана далилдүү медицина» темасында вебинар өткөрүлдү

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылына, ОшМУнун 80 жылдыгына жана Илим жылына карата ОшМУнун медициналык колледжи менен КММА БӨ тарабынан «Биоэтика, биомедициналык изилдөөлөрдүн этикалык экспертизасы жана далилдүү медицина» вебинары өткөрүлдү.

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын квалификацияны жогорулатуу факультети менен ОшМУ жетекчилиги өз ара сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында медициналык колледжинин жана медициналык факультетинин окутуучулары «Биоэтика, биомедициналык изилдөөлөрдүн этикалык экспертизасы жана далилдүү медицина» курсун вебинар формасында өтүштү. Вебинар программасы биоэтика, биомедициналык изилдөөлөрдүн этикалык экспертизасы, далилдүү медицина сыяктуу эки бөлүмдөн турду.

«Биоэтика жана биомедициналык изилдөөлөрдүн этикалык экспертизасы» курсу боюнча биоэтика илимдеринин магистри (MSc Bioethics), м.и.к., Фогарти и ДААД стипендианты, С.Д. Асфендияров атындагы КазНМУнун визитинг профессору, биоэтика боюнча ЮНЕСКО кафедрасынын жумушчу тобунун жетекчиси, биоэтика боюнча окутуучуларынын Эл аралык форумунун мүчөсү (IFT), коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо кафедрасынын доцентинин м.а., биоэтика боюнча комитеттин мүчөсү, И. К. Ахунбаев атындагы КММА Илимий-техникалык кеңешинин мүчөсү, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук биоэтикалык комитетинин төрагасынын орун басары Кудайбергенова Тамара Асановна биоэтиканын концепциялары, теориялык негизи, жергиликтүү жана эл аралык биоэтикалык комитеттердин ишмердүүлүгү, изилдөө этикасы боюнча баалуу жана керектүү маалыматтар менен тааныштырды.

Далилдүү медицина курсунда илимий изилдөөлөрдө колдонулган негизги принциптер, жоболор, маалыматтардын электрондук базасы, пландоо, изилдөөлөрдүн аныктыгына баа берүү, медициналык публикациялар боюнча м.и.к., И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын жалпы жана клиникалык эпидемиология кафедрасынын жана С.Б.Данияров атындагы КГМИП ПК доценти Ногойбаева Калыс Асанбековна зарыл маалыматтарды берди.

ОшМУ тарабынан коомдук дисциплиналар кафедрасынын доценти М.Сейдалиева, жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын доценти Б.Орунбаева жана ЦИТО бөлүмүнүн кызматкерлери эки жумалык вебинарды үзгүлтүксүз уюштурууда өз салымын кошушту.

1899 10:03 11-03-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|