Жанылыктар

“Педагог” көрсөтүүсүндө конокто

ЭлТРдин “Илим жана Билим” телеканалынын “Педагог” берүүсүнө ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев 9-марттагы түз эфирине катышты. Программанын бул жолку чыгарылышында “Чет өлкөдө билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү” деген темада сөз болду.

Көрсөтүүнүн жүрүшүндө Семетей Манасович чет өлкөлүк окуу жайлар Кыргызстандык студенттер үчүн берип жаткан гранттык орундар, академиялык мобилдүүлүк, анын натыйжалары, университетте студенттик алмашууларга карата түзүлгөн шарттар, конкурстар, алардын критерийлери, стипендиялык программалар ж.б. жөнүндө айтып, телекөрүүчүлөрдөн келген суроолорго жоопторду берди. Ошондой эле ал коомчулукка ОшМУнун студенттеринде дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү 261 окуу жайда эки тараптуу кызматташуу келишимдеринин, Эразмус+, Мевлана, DAAD, ITEC, Орхун, Ош декларациясы ж.б. программалардын негизинде окуп келүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирди.

Көрсөтүүгө Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын эл аралык байланыштар боюнча проректорлору дагы катышып, ой бөлүшүштү. Аны Жакып кызы Турсунай алып барды.

2461 13:53 10-03-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|