Жанылыктар

ОшМУда мамлекеттик Туу күнү белгиленди

Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө карата мекенчилдик иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чара студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо, жаштарга Кыргыз Республикасынын атрибуттарын, символикаларын таанытуу, даңазалоо, Кыргыз Республикасынын туусуна коомчулуктун көңүлүн буруу жана ага урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында социалдык жана тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Иш чарада КРнын Гимни жаңырып, андан соң кыргыз элинин мекенчилдик ырлары таланттуу студенттердин аткаруусунда тартууланды.

Салтанатта сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Кыргызстандын эң башкы символикаларынын, атрибуттарынын бири болгон КРнын туусунун 27 жылдыгы менен куттуктады . Ошондой эле ар бир жаран үчүн туу ыйык, баалуу экендигин белгилеп, ар бир жарандын жүрөгүндө тууга болгон урматтоо сезими жашап турсун деген тилегин билдирди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-март күнү өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Э. Айдарбеков, Б.Жайчибеков, С.Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыковдор.

2293 13:19 03-03-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|