Жанылыктар

«Санариптештирүү шартында Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери» деген темада билим берүү форуму болуп өттү

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай,Бишкек мамлекеттик университетинде өткөн форумдун алкагында билим берүүнү өнүктүрүүдө ааламдашуу жана санариптештирүүгө арналган актуалдуу маселелер, инновациялык санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү системасын өнүктүрүү маселелери каралды.

Форумдагы дискуссиянын эӊ негизги идеясы жогорку окуу жайларда «Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде электрондук иш кагаздарын жүгүртүү аркылуу башкаруу ишмердүүлүгүн трансформациялоо болду.

Министр Каныбек Исаков билим берүү системасы бардык инновациялардын негизин түзөрүн, ошондуктан республикабыздын азыркы экономикасынын прогрессивдүү өнүгүшү билим берүү секторундагы санариптештирүү процесстеринин эффективдүүлүгүнө түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи.

«Президент бүгүнкү күндө санариптештирүү маселеси республиканын экономикалык саясатында эӊ артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп жатат. Бул процессте билим берүү системасынын мааниси зор экенин жана адам капиталын толук кандуу колдонуу биринчи орунда турарын ачык көрсөтөт. Санариптештирүү — өзгөчө билим берүүнүн сапатын жогорулатууда, ар тараптуу өнүктүрүүдө уникалдуу механизм болуп саналат. Ошондуктан азыр санариптик доордо жашоого, турмушка, кесипке жаӊы көндүмдөрдү пайда кылган окутуунун принципиалдуу жаӊы технологияларына өтүү зарыл», - деди министр.

Соңунда Исаков жана Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Иш-чарага тиешелүү минстрликтердин, ведомстволордун, билим берүүнү башкаруу уюмдарынын, илим жана билим берүү ишмерлеринин, ЖОЖдордун ректорлорунун, коомдук уюмдардын 450дөн ашык өкүлү катышты.

Форум Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Аталган форумга Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков да катышып, санариптештирүү багытында университетте аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар боюнчаой бөлүштүБишкек мамлекеттик университетинде .

1794 22:42 01-03-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|