Жанылыктар

ОшМУда “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу фестивал-сынактын гала концерти өттү

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош мамлекеттик университети Ош шаардык мэриясы, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмү, биргеликте 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» жана ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу фестивал-сынактын гала концерти уюштурулду.

Аталган гала концерт 21-февраль күнү Ош шаарындагы Бабур атындагы театрында өттү.

Саамалыкка ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурумбетов, университеттин жамааты, студенттер катышышты.

Фестивалда ОшМУнун бардык факультет, колледждеринде уюштурулган бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган кечелерден тандалып алынган эң мыкты делген ар улуттун маданиятын чагылдырган ыр, бийлери тартууланды. Ошондой эле кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон, улуттук ыр, бийлери жаңырып, макал айтышуу, айтыш өнөрлөрү да көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды. Өзгөчө университетте билим алып жаткан башка улуттардын өкүлдөрү жогорку активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында биринчи, экинчи, үчүнчү орундарды ээлеген эң мыкты катышуучулар Ош мамлекеттик университетинин, Ош шаардык мэриясынын, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн, дипломдору, акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

"Биздин окуу жай да көп улуттуу окуу жай, анткени ОшМУда учурда 22 улуттардын өкүлдөрү билим алышат, бүгүн алар өз элинин тилин, маданиятын даңазалашты. Мындай фестивалдарды уюштуруу менен кыргыз элинин, кыргыз тилинин айланасына этносторду бириктирип, этностор ортосунда биримдикти, ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп жатабыз", -деди гала концерттин уюштуруучусу, ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Т.Колдошов.

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан атайын көргөзмө уюштурулду.

1853 03:32 24-02-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|