Жанылыктар

ИПКнын орто кесиптик билим берүүдөгү тилдер кафедрасы тарабынан Эне тил күнү белгиленди

21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эне тили күнүнө карата ИПКнын орто кесиптик билим берүүдөгү тилдер кафедрасынын жамааты колледждердин таланттуу студенттерин даярдап, адабий-музыкалуу кече өткөрдү. Анда негизинен чыгыш таануу жана тарых, табият таануу жана география, теология факультеттеринин, Конфуций институтунун колледжинин жана ИПКнын таланттуу студенттери катышты. Иш-чарада кыргыз, өзбек, кытай, корей, англия, орус, кытай, түрк, араб, индия, испан элдеринин маданий оюн-зооктору, бийлери көрсөтүлүп, ырлары ырдалды. Ошондой эле, алардын маданияты, жашоосу видеослайд аркылуу чагылдырылды. Жыйынтыгында, эне тилге арналган иш-чара эң жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.

Кечени даярдаган окутуучулар жана жигердүү катышкан студенттер ОшМУнун жана ИПКнын Дипломдору менен сыйланышты.

ОКББТ кафедрасынын башчысы Б.Байтикова студенттер арасындагы мындай салтанаттуу иш-чара бир гана ушул күнү эмес, эне тилди даңктоо үзгүлтүксүз болушу керек экендигин белгиледи.

1804 13:01 21-02-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|