Жанылыктар

Көрүүчүлөрдү ойго салган “Төрт адам” драмасы

Ош улуттук драма театрында 17-февраль ОшМУнун Киноакадемиясы тарабынан Мар Байжиевдин “Төрт адам” драмасы тартууланды.
Сүйүү менен жек көрүүнүн, асылдык менен аксымдыктын, материалдык байлык менен жан дүйнө байлыгынын күрөшүн чагылдырган "Төрт адам" драмасы көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, дүркүрөгөн кол чабууларга татыды.

Өз сөзүндө окуу жайдын ректору К.Кожобеков ОшМУнун Киноакадемиясы ачылганына аз убакыт болсо да, республикалык деңгээлдеги фестивалдарда жеңишке жетип жатканы, талбай эмгектенүүнүн акыбети экенин белгиледи. Ошондой эле мыкты роль жараткандыгы үчүн Киноакадемиянын 2-курсунун студенттери Мариппай кызы Айганышга, Өмүрбек кызы Дианага, Манас уулу Жорбосrо, Нурлан уулу Нурилимге Ыраазычылык баракчасын, койгон режиссору Кутман Шарабидин уулуна ОшМУнун Ардак грамоталарын тапшырды. Ал эми директору У.Омокеевге акчалай сыйлык ыйгарды.

Белгилей кетсек, Киноакадемиянын студенттери жыл сайын уюштурулуп жаткан студенттик спектаклдердин республикалык «Жаңы ысымдар» февтивалында “Мыкты дебют”, “Мыкты актриса”, "Эң мыкты аялдын образы" наамдарына татып келе жатышат. Ошондой эле Тимур Маматкуловдун режиссерлугунда “Наристенин чаңырыгы”, Дарбан Алайчиевдин жетекчилигинде “Катылган сыр” кинотасмаларын жарыкка чыгарышты.

2964 12:04 18-02-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|