Жанылыктар

“Иран киносу” күнү белгиленди

Аталган иш-чарага Иран Ислам Республикасынын элчилигинин маданий өкүлүчүлүгүнүн мүдүрү Парвиз Гасеми мырза катышып, алгач университеттин ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, кызматташтык алакалары боюнча пикир алышышты.

Ошондой эле “Иран киносу” күнүнө арналган салтанатка катышышты. Салтанатта сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору К.Кожобеков Эл аралык мамилелер факультетиндеги Иран таануу борбору 2001- жылы ачылып студенттерге фарси тилин, иран элинин маданиятын, тарыхын, руханий азыктарга бай болгон адабиятын үйрөтүп келе жаткандыгын белгиледи. Учурда Иран элчилиги менен биргеликте ар кандай маданий иш чаралар уюштурулуп келе жаткандыгын кошумчалап өттү.

Иран Ислам Республикасынын элчилигинин маданий өкүлүчүлүгүнүн мүдүрү Парвиз Гасеми мырза да университеттеги кызматташтыктарга карата жылуу пикирин билдирип, мындан ары да кызматташтыктарды кеңейтүүгө кызыктар экендиктерин айтты.

“Иран киносу” күнүндө кино сүйүүчүлөргө, студенттерге “Алтын жана жез”, “Нарцисс мезгили” деген аталыштардагы кино тасмалар тартууланды.

Белгилей кетсек, Ош мамалекеттик университетинде “Иран киносу” экинчи ирет өткөрүлүүдө. Аталган иш-чара университеттин Эл аралык мамилелер факультети тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

1956 15:29 14-02-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|