Жанылыктар

ОшМУнун Киноакадемиясы "Төрт адам" спектаклин тартуулайт

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине карата университеттин Киноакадемиясы тарабынан 17-февраль саат 15-00 дө Ош улуттук драма театрында "Төрт адам" спектакли тартууланат.

Сүйүү менен жек көрүүнүн, асылдык менен аксымдыктын, материалдык байлык менен жан дүйнө байлыгынын күрөшүн чагылдырган "Төрт адам" спектаклин койгон режиссер Кутман Шаршентегин.

Белгилей кетсек, Киноакадемиянын студенттери Бишкек шаарында өткөн студерттердин "Жаңы ысымдар" аттуу фестивалында "Эң мыкты дебют", "Эң мыкты актриса", "Аялдын 2-пландагы мыкты образы үчүн" (Өмүрбек кызы Диана) деген сыйлыктарга татыды.
Студентибиз Марипбай кызы Айганыш Г. Дуулатова атындагы сыйлыктын лауреаты болду.

Урматтуу агай-эжекелер, студент достор биз сиздерди күтөбүз!

1870 12:45 13-02-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|