Жанылыктар

ОшМУнун окумуштуулары мамлекеттик сыйлыкка татыды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-январда, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери” деген ардактуу наамга Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин профессору Матиева Гүлбадан жана ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин орто кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Байгазиев Кадырберди татыды.

"КРдин эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наамга Искусство факультетинин окутуучусу, белгилүү обончу жана аткаруучу Абдыкерим Ахмедов ээ болсо, ал эми Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Турдалы Оморов сыйланды.

Тиешелүү Жарлыкка Мамлекет башчысы 2020-жылдын 30-декабрында кол койгон.

2306 09:33 21-01-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|