Жанылыктар

ОшМУда окутуучулар арасында спорттук мелдеш башталды

Ош мамлекеттик университетинде 20-январда университеттин 80 жылдык мааракесине карата уюштурулуп жаткан спорттук мелдеш башталды. Жамааттын биримдигин чыңдоо жана ынтымагын арттыруу максатында уюштурулган иш чарага университеттин бардык структураларынан командалар катышып жатат.

Аталган иш чаранын ачылуу салтанатына ОшМУнун орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо иштери боюнча проректору Тажимамат Эркебаев, Кесиптик кошундун төрагасы Абдыжапар Аккуловдор сөз сүйлөп, мелдеш жамааттын ден соолугун чыңдоо, биримдикти, достукту бекемдөө максатында уюштурулуп жаткандыктарын белгилешти.

Аталган спорттук мелдеште волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, баскетбол, мини футбол оюндары боюнча агайлар, эжекелер командалары ортосунда күч сынашуулар башталды.

1884 09:27 21-01-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|