Жанылыктар

Ички мобилдүүлүктөн өтүп жаткан студенттер “Брейн-ринг” акыл таймашында акыл калчашты

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине карата ички мобилдүүлүк программасынын алкагында өлкөбүздөгү 8 университеттен келген студенттер үчүн “Брейн-ринг” акыл таймашы уюштурулду. Ага конок студенттерден куралган 4 команда катышты. Жыйынды эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев ачып берип, ички мобилдүүлүктөн өтүп жаткан студенттер үчүн уюштурулуп жаткан интеллектуалдык оюнунда ийгиликтерди каалады.

Иш-чараны башында, ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Абжапар Аккулов сөз сүйлөп, өзү жетектеген бирикменин артыкчылыктуу багыттарына токтолуп, профсоюздук билет студенттердин социалдык-эмгек укуктарын жана кесиптик кызыкчылыктарын коргой турган турмуштук жолдомо экендигин билдирди. Студенттерди профсоюзга расмий мүчө болуштары менен куттуктап, билеттерди тапшырды.

Юбилейге карата өткөн интеллектуалдык оюн 3 раунддан туруп, командаларга ОшМУнун тарыхы, окуу процесси, жетекчилиги, факультеттери боюнча жалпы 40 суроо берилди. Натыйжада бир нече суроолорго жооп таап, эң көп упай топтогон И. Арабаев атындагы КМУнун студенттеринен куралган команда биринчи орунду багындырды. БатМУнун “Айгүл гүлү” командасы 2 даражадагы дипломго ээ болсо, КӨУнун “Достук” командасы 3-орунду ээледи. Мындан сырткары катышуучуларга “мыкты капитан”, “мыкты оюнчу” номинациялары дагы ыйгарылып, интеллектуалдык багыттагы китептер тапшырылды.

Конкурстун негизги максаты - окуу жай туурасындагы негизги маалыматтарды студенттерге оюн формасында берип, алардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, кругозорун кеңейтүү, тапкычтык сапаттарын өнүктүрүү болуп саналат. “ОшМУга саякат”, “Достук кубогу”, “Брейн-ринг” сыяктуу иш-чараларды мобилдүүлүк боюнча окуганы келгендер үчүн эл аралык байланыштар департаменти регулярдуу уюштуруп турат.

1800 12:26 12-12-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|