Жанылыктар

ОшМУнун ректору Конфуций институттарынын жыл жыйынтыктоочу салтанатына катышып жатат

Кытайдын Чанша шаарында 9-декабрда дүйнөнүн 600дөн ашуун университетинде жайгашкан Конфуций институттарынын жыл жыйынтыктоочу салтанаттуу жыйыны башталды. Жыйынга дүйнөдөгү Конфуций институттары ачылган университеттердин ректорлору жана директорлору катышып, жыл жыйынтыгын чыгарышууда. Алгачкы күнү кытай тилин окутуунун маселелери аттуу эл аралык конференция менен башталды.
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев аталган жыл жыйынтыктоочу салтанатынын ачылуу аземине катышып жатат.

Аталган конференцияда КЭРдин Билим берүү министринин орун басары Тиен Суежун модератордук кылып жатат. Конференцияда КЭРдин Билим берүү министри Чэнь Баошэн, КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Сун Чунлан айым сөзгө чыгып, кытай тилинин бүгүнкү күндөгү орду, абалы жөнүндө токтолуп, тилди үйрөнүүдөгү бир топ маселелерди баса белгилеп кетти.

Салтанаттын жүрүшү эки күнгө созулат, 10-декабрда Конфуций институттарынын Орто Азия боюнча координатору У Тун айым менен ОшМУнун ректору К. Г. Кожобековдун жолугушуусу өтөт. Ал эми 11-декабрда Пекиндеги Борбордук улуттар университети менен ОшМУнун ортосунда Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борборун ачуу боюнча келишимдерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ОшМУнун Конфуций институту жемиштүү жана изденгич эмгеги үчүн «Жылдын мыкты институту» номинациясына ээ болгон.

1991 16:35 09-12-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|