Жанылыктар

ОшМУда “Орус, англис жана түрк тилдери” деген аталыштагы XXXII эл аралык илимий семинар уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде 12-13-ноябрь күндөрү “Орус, англис жана түрк тилдери” деген аталыштагы XXXII эл аралык илимий семинар болуп өттү.

Аталган семинарга келген Санкт-Петербург шаарындагы Чет тилдер институтунун ректору, ф.и.д. Пименова Марина Владимировна жана Кыргызстандын эл аралык университетинин лингвистика жана аймак таануу факультетинин деканы Зинаида Караева келишти. Алгач Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктар боюнча пикир алышышты.

Иш сапардын алкагында ОшМУнун билим берүү, илим изилдөө, тарбиялоо багытындагы иштери менен таанышып, окуу жайдын факультеттеринде болушту.

“Орус, англис жана түрк тилдери” деген аталыштагы XXXII эл аралык илимий семинарда Россия жана Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары ф.и.д. Марина Пименова жана Бишкек шаарынан келген ф.и.д., профессор, Кыргызстандын эл аралык университетинин лингвистика жана аймак таануу факультетинин деканы Зинаида Караева лекцияларды окушуп, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга билимин жогорулаткандыгы тууралуу күбөлүктөр берилди.

1875 13:30 15-11-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|