Жанылыктар

«Матираимов» кайрымдуулук фонду 21 студенттин келишимдик акыларын төлөп берди

Бүгүн, 14-ноябрда Ош мамлекеттик университетине «Матираимов» кайрымдуулук фондунун төрагасы Руслан Матраимов келип ОшМУнун түрдүү факультеттеринде, колледждеринде Кара-Суу районунан келип билим алып жатышкан 21 студентке бир жылдык келишимдик акыларын 100 пайыз төлөп берди.

Сөз сүйлөгөн «И.Матираимов» атындагы кайрымдуулук фондунун төрагасы Руслан Матираимов студенттердин ал-акыбалын сурап, ар бир студентке ден соолук, окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле жакшы билим алып, мыкты адис болуп, келечекте кыргыз жеринин керегине жараган улан-кыздардан болуп чыгышын каалады.

Белгилей кетсек, аталган кайрымдуулук фонду 2012-жылы түзүлгөн. Түзүлгөндөн тартып ар жылы Кара-Суу районунун 17 айыл өкмөтүнөн билим алган, социалдык жактан коргоого муктаж, бирок билимге ынтызар бирден окуучуну комиссиянын чечими менен тандап алып анын окуусу аяктаганга чейин келишимдик акыларын төлөп келишкен. Быйыл алтынчы ирет төлөнүп жатат. Келишимдик акылары төлөнүп келген айрым студенттер окууну ийгиликтүү аякташкан. Учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан жалпы студенттердин саны 28ге жеткен. Фонддун негизги максаты келечек муундарга камкордук көрсөтүү, келечекте аларды жумуш менен камсыздандыруу болуп саналат.

1963 15:37 14-11-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|