Жанылыктар

«Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде»

Бүгүн, 17-октябрда Ош мамлекеттик университетинин базасында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өттү.

Конференцияга Ош областынан, Ош шаарынан өкүлдөр. мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер катышышты.

Уюштуруучулар белгилегендей конференциянын максаты - Кыргыз Республикасынын Президентинин “Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү” жылына карата областтардын, райондордун активдерине, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, айыл аймактарынын башчыларына дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү санариптик ачылыштар, технологиялар менен тааныштыруу, артыкчылыктуу багыттарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

Конференциянын катышуучулары дүйнөдөгү санариптик өзгөрүү жана өнүгүү, өлкөбүздөгү санариптик өнүгүү багытында агартуу тармагынын жасап жаткан иштери маалыматтарга ээ болушту.

Аталган концеренцияга карата ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин жана IT Академиясынын студенттери жана угуучулары тарабынан даярдалган робототехника, 3 D моделдештирүү, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу багытында жасап жаткан эмгектери көргөзмөгө коюлду.

2148 14:14 16-10-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|