Объявления

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жана шайлоо өткөрүү жөнүндө ЖАРЫЯ

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жана алардын документтерин кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 2019-жылдын 24-октябрында саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер тапшырылат:

· ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик ЖОЖдун ректору кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;

· Мамлекеттик ЖОЖдун ректорунун кызмат ордуна талапкерлердин өзүнүн арызы (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталган талапкерлер үчүн);

· Талапкерлердин фамилиясы, аты, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн библиографиялык маалыматтар;

· Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 38-беренесине ылайык мамлекеттик ЖОЖдун ректору кызмат ордуна талапкерге коюулуучу шарттарды ырастаган тиешелүү документтер.

Арыздар (ага тиркелген документтер) төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ош шаары, Ленин көчөсү 331, №128 кабинет.

Байланыш телефондору: 03222 2-03-87

ОшМУнун ректору кызматына талапкерлер тарабынан берил үүчү документтердин тизмеси

1. Талапкердин уюштуруу комитетинин төрагасынын атына ОшМУнун ректору кызматына шайлоого катышуу жөнүндөгү жазылган арызы.

2. Негизги иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн, сүрөтү менен, кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы.

3. Талапкерди ОшМУнун ректору кызматына шайланууга көрсөткөн ЖОЖдун окуу жана структуралык түзүмдөрүнүн чечимдери (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталып жаткан талапкерлерден тышкары).

4. Негизги иштеген жеринде күбөлүндүрүлгөн, окуу, илимий жана коомдук ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача мүнөздөмө.

5. Негизги иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн илимий эмгектеринин тизмеси.

6. Талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн резюмеси жана биографиялык маалыматы.

7. Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн жогорку билими жөнүндөгү документинин, окумуштуулук даражасы тууралуу дипломунун жана окумуштуулук наамы тууралуу аттестатынын көчүрмөлөрү.

8. Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү.

9. Талапкердин программасы (2 нуска, талапкердин колу менен тастыкталган) жана анын электрондук версиясы.

10. Паспортунун көчүрмөсү.

2100 15:24 15-10-2019

                 

Объявления

|< 1 2 3 4 >|