Жанылыктар

ТТГФнин туризм адистигинин студенттери Чирчик мамлекеттик педагогикалык институтундагы эл аралык конференцияга катышып келишти

2019-жылдын 11-12-октябрь күндөрү табият таануу жана география факультетинин деканы, профессор А.Низамиев жана туризм багытынын студенттери Жээнбекова Айжамал, Каимов Абдибек жана Турат кызы Айтбү Чирчик мамлекеттик педагогикалык институнда (Өзбекстан) өткөрүлгөн “Географические проблемы и возможности развития туризма и рекреации” аттуу эл аралык конференцияга катышып келишти.

Конференцияда А.Низамиев “Расширение туристского потенциала Кыргызстана на Великом Шелковом пути” деген темада доклад жасады жана анда ага “Өзбекстандын Географиялык коомунун ардактуу чет өлкөлүк мүчөсү” деген диплом тапшырылды. Ошондой эле ЧМПИнун ректору, х.и.д., профессор Г.И.Мухамедовдун катышуусу менен аталган окуу жай менен ОшМУнун ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюлду. Иштин соңунда конференциянын катышуучулары Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Материал таануу институтуна караштуу С.Азимов атындагы “Физика-Күн” илимий-кайра иштетүүчү бирикмесине экскурсия жасашты.

2094 10:10 15-10-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|