Жанылыктар

ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн 45 жылдык жолугушуусу өттү

Ош мамлекеттик университетинде 11-октябрда университеттин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУнун) физика-математика факультетинин 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн 45 жылдык жолугушуусу уюштурулду.

Алгач жолугушууга келген бүтүрүүчүлөрдүн устаттары, билим берген агай-эжекелери ф-м.и.д., профессор С.К. Каримов С.К., ф.-м.и.д., профессор Б.А. Арабов, ф-м.и.к. профессор Ш.И.Исмаилов, п.и.к., профессор Р.Н. Калиулин, п.и.к., профессор М.А.Алтыбаева, ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин ректорунун м.а., ф.-м.и.к., доцент К.Г. Кожобеков президиумга чакырылды. Алар өз кезегинде куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Жолугушуу кечесинин жүрүшүндө көзү өткөн агай-эжекелери, курсташтары эскерилди.

Андан соң кеченин алып баруучусу, уюштуруучусу, 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн катарын толуктаган ОшМУну өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору А.Абдувалиев өткөн студенттик кундөр тууралуу айтып өттү. “Биз 1970-жылы ОМПИге кабыл алынганбыз. Анда 1 курс 7 группа, 5 математиктерди, 2 физиктердин группалары бардыгы болуп 175 студент кабыл алынган. Андан сырткары 30дай кандидант алынган. Баарыбыз 200 дөн ашык элек. 1974-жылы 129 студент окууну аяктадык. 1-курста эле 40 тан ашык студент жетишпегендиги үчүн окуудан чыгарылган. Биз абдан тырышып окучубуз. Сабакка келбей калуу өтө сейрек болчу. Группада кокусунан эле бир-эки студент өтө жүйөлүү себептер менен келбей калышпаса, катышуу дээрлик 100% болчу”, -деп белгилеп өттү.

Жолугушуу саамалыгынын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө арналган концерттик программа тартууланып, жылуу пикирлер айтылып, каалоолор жаңырды. Келген бүтүрүүчүлөр агай-эжекелерине, университетке арналган белектерин тартуулашты. Кеченин соңунда студенттер 45 жылдык жолугушууга келген бүтүрүүчүлөргө суроолорду беришип, мыкты жоопторду бергендерге белектерин тапшырышты.

Бүтүрүүчүлөрдүн маанайын көтөргөн майрамдык кечеден соң келген коноктор университет менен жакындан таанышышты.

1990 14:23 14-10-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|