Жанылыктар

ОшМУда 1-курстар арасында спартакиада өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган, 1-курстар арасындагы спартакиада жүрүп жатат.

Мелдешке жалпысынан 18 команда катышып, алар спорттун 8 түрү волейбол, кичи-футбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана ордо оюндары боюнча эркектер жана кыздар арасында өтүп жатат.

Бул спорттук мелдеш жаңыдан окууга кабыл алынган 1-курстун студенттеринин арасында спортко шыктууларды тандоо, ОшМУнун курама командасын жаш студенттер менен толуктоо максатында жыл сайын уюшулуп келет.

Мелдеште командалык жеңишке жетишкен командаларга ректораттын жана профсоюз уюмунун дипломдору, акчалай сыйлыктары тапшырылат. Жылдагындан өзгөчөлөнүп быйылкы жылы спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө ОшМУнун профилакториясына 20 күндүк жолдонмо бериле тургандыгын профсоюз уюмунун төрагасы А.Аккулов билдирди.

2094 14:23 11-10-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|