Жанылыктар

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУда болду

Кечээ, 17-сентябрда Кыргыз Республикасындагы Түркиянын Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат баштаган делегация Ош мамлекеттик университетинде болушуп, ректордун милдетин аткаруучу Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ишмердиги, Түркиянын бир нече жогорку окуу жайлары менен байланыштары, университеттин Түркиянын Анкара университети менен кызматташтыктын алкагында ачылган Теология факультети, Кастамону университети менен биргелешип ачылган Кыргыз-Түрк факультети, “Ыйман” лицейи тууралуу маалыматтарга токтолду.

Ошондой эле университетте билим алып жаткан студенттерге заман талабына ылайык шарттарды түзүп берүү, окуу имараттарын жаңы эмеректер менен камсыздоо, жатаканаларын жаңылоо багытындагы иштерде Түрк кызматташтык жана Координация Агенттиги Башкармалыгынын (ТИКА) биргелешкен кызматташуусу өзгөчө көмөк көрсөтүп келе жаткандыгын кошумчалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Туркиянын Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат Ош мамлекеттик университети билим берүү жаатында Түркиянын алдыңкы университеттери менен кызматташып келе жаткандыгын, ар бир Ошко болгон сапарында университетке баш багып, жылдан жылга университеттин өсүп, өнүгүп жаткандыгына күбө болуп келе жаткандыгын билдирди. Ошондой эле буга чейинки кызматташтыктарды улантуу менен кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Жолугушууда бир топ биргелешкен кызматташуулар боюнча сөз болуп, делегация ОшМУнун Теология факультети, “Ыйман” лицейиндеги студенттердин билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты жана “Ыйман” гимназиясына материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү, жаны окуу имаратын жана жатаканасын куруу багытында сүйлөшүүлөрдү тездетүү боюнча сөз кылышты.

2360 09:21 18-09-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|