Жанылыктар

Чет элдик студенттердин укуктары жана милдеттери боюнча тушундүрүү иштери алып барылды

Ош мамлекеттик университетинин өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректор А. Абдувалиевдин демилгеси менен унгиверситеттин бардык факультеттеринде чет элден келип билим алып жаткан 1-курстун студенттери үчүн Кадрлар башкармалыгынын чет элдик студенттер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Канат Далбаев жана ОшМУнун чет элдик студенттер боюнча юристи Сапар Патаев бир нече жолугушууларды өткөрдү.

Аталган жолугушууларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, чет элдик студенттерге тиешелүү укуктук нормалар боюнча тушундүрүү иштерин алып барышты. Студенттердин тиешелүү суроолоруна жооп берип, бул багытта тыгыз иш алып барыша тургандыктарын белгилешти.

2402 11:28 17-09-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|