Жанылыктар

ОшМУ менен Эл аралык Кувейт университети кызматташат

Эл аралык Кувейт университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Аталган жөрөлгө Ош мамлекеттик университетинде 2-июль күнү болуп, анда Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков менен Эл аралык Кувейт университетинин ректору Асан Ормушев университетте жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар боюнча жакындан пикир алышышты.

Кол коюлган келишимдерде студенттердин, окутуучулардын, магистранттардын жана аспиранттардын академиялык алмашуу программалары, ар түрдүү илимий, практикалык конференцияларды, конок лекцияларды, биргелешкен долбоорлорду чогуу өткөрүү жактары камтылган.

3109 12:50 08-07-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|