Жанылыктар

"Геодезисттер күнү" кесиптик майрамы белгиленди

22-февралда ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин чоң жыйындар залында Кыргызстандын жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул кесиптик майрам КРнын Өкмөтүнүн №27-токтому менен 2007-жылдын 31-январында бекитилген. Майрамды белгилөө менен, КРнын Өкмөтү бул тармактын кызматкерлеринин жер реформасында, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун улуттук тутумун түзүүдө, жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүдө, геодезиялык, картографиялык жумуштарды жүргүзүүдө салымын эске алган.

Салтанаттуу иш-чарада өздөрүнүн куттуктоо сөздөрү менен ТТГФнин деканы, г.и.д., проф. Низамиев А.Г., ФГ, КГ жана ТТК кафедрасынын башчысы, г.и.к., доц. Шербаева З.Э., Колдонмо геодезия окутуу программасынын жетекчиси, т.и.к., доц. Абжапарова Д.А., чакырылган коноктор "КыргызГипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун Ош областтык бөлүмүнүн директору Токтосунов Ж.Т., геодезия инженери Жураев А. катышуучуларга кайрылышып, аларга ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалашты. Өзүнүн куттуктоо сөзүн КРнын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик Агенттигинин директору Мырзаев А.А. он-лайн жөнөттү.

Иш чарага факультеттин окутуучулары, студенттер, ата-энелер, геодезия тармагындагы иш берүүчүлөр катышышты, коопсуздук себептерин эске алуу менен салтанаттуу жыйын офф-лайн жана он-лайн конференция форматтарында алып барылды. Колдонмо геодезия адистигинде окуган студенттер чакан концерттик программа даярдап, көрүүчүлөргө сунуштады. Ошондой эле он-лайн катышуучулар Колдонмо геодезия адистиги жөнүндө видео презентацияны көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

303 08:09 27-02-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|