Жанылыктар

Аккредитацияга ОшМУнун Сапат департаментинин усулдук жардамы

8-февралда ОшМУнун ТТГФде "Физикалык география, колдонмо геодезия жана ТТК" кафедрасынын "Колдонмо геодезия" билим берүү программасынын көз карандысыз аккредитациядан өтүүгө даярдыгын, иш кагаздарынын толуктугун текшерүү, маалымат жеткизүү жана усулдук жардам көрсөтүү максатында ОшМУнун Сапат департаментинин кызматкери, улук окутуучу Гүлкайыр Орунбаева жолугушуу өткөрдү, ага факультеттин деканы, г.и.д., проф. Низамиев А.Г., каф.башчысы, г.и.к., доц. Шербаева З.Э., "Колдомо геодезия" билим берүү программасынын жетекчиси, т.и.к., доц. Абжапарова Д.А. жана жумушчу топтун башка мүчөлөрү катышышты.

Жолугушууда Орунбаева Г. жумушчу топтун курамын толуктоо, мүчөлөрдүн милдеттердин так бөлүштүрүү, ошол эле учурда коллективдүү иштөө, иш планындагы чараларды убагында аткаруу жөнүндө өзгөчө токтолду. Талкууланган маселелердин ичинде: НББПнын өнүгүү стратегиясын жаңылоо, ага тобокелдиктер бөлүмүн киргизүү, бардык иш чараларга мониторинг жүргүзүү, анкетирлөө жыйынтыктарын талдоо, сырттан тартылган окутуучулардын портфолиосун толуктоо, студенттердин мобилдүүлүгү, лабораториялык каналардын жабдуулануусун кароо, түрдүү стенддерди жаңылоо, баалоо каражаттарынын фондун толуктоо, жалпысынан ОМКалардын сапатын жакшыртуу, ж.б. маселелер. Аныкталган кемчиликтердин үстүндө тынымсыз иштөө жана аларды тез арада жоюу керектиги айтылды.

309 06:55 10-02-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|