Жанылыктар

Китеп күйөрмандарга жарыя!

Билим берүү жана илим министрлиги демилгелеген “Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең” деп аталган үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгына салымыбызды кошобуз! Сиздердин үй-бүлөлүк китепканаңыздарда өзүңүз, балдарыңыз, неберелериңиз окуп бүткөн китептерди илимий китепкананын 214-канасына (Борбордук китепкана, экинчи кабат, байланыш телефону 0552 231 843) алып келип белекке берсеңиздер болот. Китепкана кызматкерлери, Сиздер белекке берген китептерди, Ош шаарынын көчө китепканасынан балдардын, неберелердин пайдалануусуна шарт түзүлөт. Демек, шаардын жарандарына Ош мамлекеттик университетинин кызматкерлеринен белеке берилмекчи.
1088 16:13 16-06-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|