Жанылыктар

3-июнь күнү ОшМУнун илимий китепканасы эл аралык онлайн семинарга катышты

ОшМУнун илимий китепканасы 2020-жылдын 3-июнь саат 10-00 (Москва убактысы боюнча) Россиянын жогорку окуу жайлары менен «Возврат книг в библиотеку в условиях карантина» деп аталган темадагы онлайн-семинарга катышты. Семинарда: карантин учурунда китепти кандайча китепканага кайтарууга болот?, кайтарылган китептерди карантинге алуунун же залалсыздандыруу кажети барбы?, деген теманын үстүндө талкуу жүргүзүлдү. Семинарга чакырылган эксперттер: В.А.Васильева В.А. СЗИУ РАНХиГС, китепкана башкармалыгынын орун басары, Морозова С.А. Герцен атындагы РГПУ китепканасынын директорунун орун басары, Обновленская М.В., СтГАУ илимий китепканасынын директору, Струков Е.Н. КФУ илимий китепканасынын директору, Терехова М.В. СибГМУ илимий-медициналык китепкананын директору болушуп, карантин мезгилиндеги жогорку окуу жайлардагы китепкана иши боюнча өтө кызыктуу иш тажрыйбалары менен бөлүштү. Уюштуруучу: «ЛАНЬ» басма-үйүнүн коммерциялык директору: Ельский Ю.М.
880 17:18 05-06-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|