Жанылыктар

"Ата Мекенди коргоочулар күнүнө" карата 19-февраль күнү ОШМУнун жаштар кеңеши ЖОЖдор арасында спорттук мелдеш уюштурат

23-Февраль “Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө” карата Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында өткөрүлүүчү спорттук марафондун жобосу

I. Сынакты уюштуруунун максаты жана милдети:

Ø Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо;

Ø Жаштардын ынтымагын чыңдоо;

Ø Жаштарды спортко үндөө;

Ø ЖОЖдор арасында достукту бекемдөө;

Ø Студенттердин спорттук эс алуусун уюштуруу.

II. Сынакты өткөрүү убактысы жана жайы:

Марафон 2021-жылдын 19-февраль күнү Ош мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин футбол аянтчасында өткөрүлөт.

II. Сынакты өткөрүү тартиби жана эрежеси:

Иш-чара бир жарым саатка созулуп, жогоруда аталган бардык спортун түрлөрүндө белгиленген убакыт буткөнгө чейин рекордтук көрсөткүчтү кармап турган катышуучулар өзү тандап алган спорттун түрү боюнча жеңүүчү деп табылат.

Ø Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;

Ø Спорттун 8 түрү боюнча (1.Кол күрөш, 2.гира көтөрүү, 3.турникке тартынуу, 4. 100 метрге чуркоо, 5. узундукка секирүү, 6.тир атуу, 7. кубик топтоо, топту баскетбол торчосуна салуу) мелдеш уюштурулат турат;

Ø Сынак массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат;

Ø Баалуу белектер жана номинациялар уюштуруу тобу тарабынан бекитилет;

Ø Сынакка катышуучулар 17-февралга чейин уюштуруу тобуна кайрылууга тийиш;

I. кол күрөш. Белгиленген убакыт бутконго чейин атаандаштарынын бириненда жеңилбеген катышуучу жеңүүчү деп аныкталат.

II. гира көтөрүү. Белгиленген убакыт бутконго чейин катышуучулардын ичинен эң көп гира көтөргөн катышуучу жеңүүчү деп аныкталат.

III. турникке тартынуу. Белгиленген убакыт бутконго чейин катышуучулардын ичинен эң көп турникке тартынган катышуучу жеңүүчү деп аныкталат.

IV. 100 метрге чуркоо. Катышуучулардын ичинен эң кыска убакытта белгиленген жерге биринчи жетип келген катышуучу жеңүүчү деп аныкталат.

V. Ордунан секирүү. Катышуучулардын ичинен эң алыс аралыкка секирген катышуучу жеңүүчү деп аныкталат.

VI. Тир атуу. Катышуучулардын ичинен эң алыс аралыктан нишенге таамай аткан катышуучу жеңүүчү деп аныкталат.

VII. Кубик топтоо. Катышуучулардын ичинен эң аз убакытта кубикти топтогон катышуучу жеңүүчү деп аныкталат.

VIII. Топту баскетбол оюнун торчосуна салуу. Катышуучулардын ичинен эң алыс аралыкта топту торчого салган катышуучу жеңүүчү деп аныкталат.

III. Сынактын программасы:

Ä Саат 13:00-13:30га чейин катышуучуларды каттоо.

Ä 13:30-15:00гө чейин аталган жети спорттун түрү боюнча мелдешти уюштуруу.

Ä 15:00-15:20 чейин жеңүүчүлөрдү аныктоо.

Ä 15:20-16:00 чейин сыйлык тапшыруу аземи жана иш-чараны аяктоо

VI. Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары:

Ä Иш-чараны сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу;

Ä Калыстар тобунун курамын бекитүү;

Ä Сынактын өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо;

Ä Сынактын шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды сынактан четтетүү;

Ä Зарыл учурда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.

VII . Калыстар тобу :

Ä Калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат;

Ä Калыстар тобунун мүчөлүгүнө спортчулар, мугалимдер дайындалат;

Ä Калыстар тобунун чечими талкууга алынбайт жана өзгөрүлбөйт.

Эскертүү:

Ø Катышуучулар спорттук формада болуусу абзел;

Ø Белгиленген убакыттан кийин катышууга мүмкүнчүлүк жок.

VIII. Ыйгарылуучу номинациялар

Ар бир спорттун түрү боюнча биринчи, экинчи, үчүнчү орунду камсыздаган катышуучулар кубок, грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланат.

VIV. Уюштуруу тобу:

Ош МУнун жаштар кеңеши

Дареги:

Ош МУнун башкы имараты, 002-кабинет.

Тел.: +996755 45 35 57

359 14:53 04-02-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 >|