Жанылыктар

“Студент жана илимий-техникалык прогресс” VII аймактык студенттик илимий конференция

ОшМУда 2020-жылдын 28-ноябрында Zoom программасынын жардамында «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу VII аймактык конференция болуп өттү. Ал жерде Кыргыз-Россия факультетинин методисти, Математика-жана информациялык технологиялар факультетинин бүтүрүүчүсү Алиева Зинат Исраилбековна пленардык кеңешмеде “Онлайн формасындагы билим берүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу илимий докладын окуду. Аталган конференцияга 300дөн ашуун доклад келип түшүп, анын ичинен 200дөй доклад тандалып алынды. Докладдар темаларга жараша секцияларга бөлүнүп, кызуу талкуулар жана суроо-жооптор менен коштолду.

517 11:14 14-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|