Жанылыктар

Университеттик Клинка: Англис тилинен интенсивдүү курс

17-февралдан тарта ОшМУда илим жаатында жүргөн окутуучулар үчүн англис тили боюнча интенсивдүү курстар башталды. Ал “Erasmus Plus” программасынын алкагында ишке ашууда.

Курска катышам деген жогорку окуу жайлардын илим изилдөөчүлөрү алгач деңгээлдик тестирлөөгө катышып, Pre-intermediate жана Upper-intermediate тайпаларына бөлүнгөн. Сабакты эл аралык деңгээлдеги CELTA 2018 сертификатынын эсси, кесипкөй тренер окутат.

Бул интенсивдүү курстун максаты — ондон кем эмес илимий кызматкердин англис тилин өркүндөтүү, илимий окумуштууларды эл аралык семинарларга жиберүү, алардын англис тилинде маалымат топтоп жана баарлаша алышына шарт түзүү. Окуу 4 айга созулуп, катышуучуларга сертификат тапшырылат. Англис тилин терең үйрөнүү курсу акысыз, “Кыргызстанда PhD докторантураны жана илимий потенциалды өркүндөтүү/DERECKA” долбоорунун алкагында уюштурулган.


828 17:57 30-04-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|