Жанылыктар

Кол өнөрчүлүк конкурсу

ОшМУнун Кыргыз-кытай факультети Конфуций Институту менен биргеликте студенттер арасында кол өнөрчүлүк конкурсун өткөрүштү. Конкурстун эрежеси боюнча студенттер өз колдорунан жасалган тамак аш азыктарын, буюмдарды жасап, ар бир буюмдун жасалуу процессин видеого тартып калыстардын мыкты бааларын алышты. Таймаштын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн ачылбаган таланттарын, мыкты чеберчиликтерин кол өнөрчүлүгү аркылуу көргөзө алышты. Таймаштын жыйынтыгында КЛ1-17 тайпасынын студенти Эшбаева Айназик 1 орунду, 2-орунду болсо КЛ2-18 тайпасынын студенти Сарыкова Камила жана КЛ1-17 тайпасынын студенти Абдимитал кызы Жумагуль, 3-орунду болсо КК1-19 тайпасынын студенттери Абдиллаева Жанылай, Мамаджанова Камила жана ККИс-9-18тайпасынын студенти Бахтияр кызы Чолпонай ээлешти. Сыйлыкка ээ болгон жана мыкты катышкан студенттер таймаштын аралыктан өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу уюлдук телефондоруна бирдик толуктоо аркылуу сыйланышты.
497 10:04 18-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|