Жанылыктар

«Биоэкологиялык продукцияларды өндүрүү жана алардын экспертизасы» деген темада илимий жумалык болуп өттү

2021-жылдын 28-апрелинде Финансы-Юридикалык колледжинин Табият таануу жана товардык экспертиза ПЦКсы тарабынан уюштурулган «Биоэкологиялык продукцияларды өндүрүү жана алардын экспертизасы» деген аталыштагы эксперттер жана адистер менен илимий жумалык болуп өттү. Кечени Жороева Айсулуу Митаевна ачып берди. Жолугушууга конок болуп, келген Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору тамак аштык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бапиев Эрнист Абдимиталипович “Азык түлүктөрдүн сапатын аныктоонун критерийлери” деген темада докладдын окуп, студенттердин суроолоруна жооп берди. Ошондой эле ПЦКнын окутуучулары Камбар кызы Жыпар “Азык түлүктөрдүн курамындагы химиялык заттар жана алардын зыяндуулугу” жана Кудайберди кызы Зейнегүл “Экологиялык таза азык түлүктөр” деген темада докладдарын окушту. Студенттер үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле ЭБК-1-20, ТЭК-1-18, ЭБР-3-20 группасынын студенттери тарабынан да докладдар окулду. Табият таануу жана товардык экспертиза ПЦКсынын төрайымы Эргешбаева Айчүрөк Адановна жыйынтыктап, келген конокторго жана ПЦКа мүчөлөрүнө студенттерге ыраазычылык билдирди.

226 10:27 04-05-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|