Жанылыктар

Куратордук саат

2021-ж.23-январь күнү ФМИ циклынын окутуучусу М. Бекиева УКК-2-20 тайпасына куратордук саат өттү.

Студенттерге 2021-окуу жылынын 1-февралынан баштап окуу салттуу режим менен өтүлө тургандыгына байланыштуу, ден соолугубузга алдын ала кам көрүү үчүн санитардык эрежелерди сактап, масканы туура тагынууну, антисептикти туура пайдаланып, ар бир студент өз убагында маскаларды алмаштырып, тазалыкты сактоо керектигин эскертти.

Аралыкты сактоо эрежелери боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: Аудиторияга киргенде студенттердин ортосунда
1,5 метр аралык сакталуусу зарыл,бул эрежени туура сактап, туугандарыбызга, тайпадагы досторубузга, үй- бүлөөбүздүн ден соолугуна кам көрүүгө, вирустун алдын алууга кошкон салымыбыз болот. Ошондуктан силерге ушуларды сунуштайм.

447 10:27 16-02-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|