Жанылыктар

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде жалпы ишембилик өткөрүлдү

Бүгүн ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер катышты. Ишембиликте бак дарактарды сырдоо, жаңы көчөт эгүү, айлана чөйрөнү, окуу корпустарды, аудиторияларды тазалоо иштери аткарылды. Колледждин 2 окуу корпусунун айланасын кɵрктɵндүрүү максатында студенттер тарабынан 50 түп атыргүлдөр жана 15 түп арча отургузулду. Жол четиндеги арыктар тазаланып, дарактар акталды.
369 16:40 20-03-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|