Жанылыктар

“АМСЖ деңгээлинде COVID-19 короновирустук инфекциясын алдын алуу боюнча мед.айымдардын ролу” деген аталышта аралыктан окуу курсу уюштурулду

2020-жылдын 13-июлунан 15-июлуна чейин «Короновирустук инфекцияны аныктоо жана дарылоо боюнча клиникалык протоколдорду бекитүү жөнүндө” КР ССМнин 2020-жылдын 18-июнундагы №422-буйругунун негизинде “АМСЖ деңгээлинде COVID-19 короновирустук инфекциясын алдын алуу боюнча мед.айымдардын ролу” БУМ/УДТ жана ФАП деген аталыштагы аралыктан окуу курсуна, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин медициналык билими бар окутуучулар жана кызматкерлери катышты. Аралыктан окуу курсун, Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун окутуучулары өтүп берди. Курстун жыйынтыгында экзамен тапшырып, сертификаттар берилди. Ошондой эле резервдик кадрлар группасы түзүлдү.
1046 11:23 17-07-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|