Жанылыктар

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан сертификаттар берилди

2021-жылдын 16-апрель күнү ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан теология факультетинин 4-курстары үчүн оффлайн форматта 90 саат, ал эми теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн онлайн форматта 72 сааттык педагогика жана психология багытында билимди өркүндөтүү курсу уюштурулуп, ушул курска катышкандарга сертификаттарды тапшыруу аземи болду. ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору доцент А .Аккулов сертификат тапшыруу аземин ачып берип, сертификаттарды тапшырды. Ошондой эле сөзгө факультеттин деканы доцент З. Ажимаматов жана декандын орун басары профессор Ю. Доган сөзгө чыгышып калоо-тилектерин айтып куттукташты. Аземдин аягында ар бир курстун угуучусуна теология факультеттин тарабына китептер белекке берилди.
245 19:26 16-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|