Жанылыктар

ОшМУнун теология факультетинде "Диний билим берүүнүн учурдагы актуалдуулугу" аттуу илимий-практикалык семинар болуп өттү

ОшМУнун теология факультетинде "Диний билим берүүнүн учурдагы актуалдуулугу" аттуу илимий-практикалык семинар болуп өттү. Семинарга факультеттин деканы доцент З. Ажимаматов, илимий иштер боюнча декандын орун басары доцент Н. Арипов, Муфтияттын медресе жана окуу иштери бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешов, Жалалабад жана Ош облустарынан келген медресе мүдүрлөрү, ОшМУнун Ыйман гимназиясынын жана теология факультетинин окутуучулар жамааты катышышты. Диний окуу жайлар ортосунда тажрыйба алмашууну жандандыруу максатында уюштурулган семинарда З. Ажимаматов ачылыш сөзүндө теология факультети жөнүндө жалпы маалымат берди. Аким ажы Эргешов жана медресе мүдүрлөрү да теманын алкагында өздөрүнүн пикирлерин билдиришти. Семинар Н. Арипов “Светтик алкакта диний били берүү” аттуу илимий доклады жана суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.
650 16:32 21-10-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|