Жанылыктар

Чет Өлкөлөрдөгү Түрктөр жана Тектеш Коомчулуктар Башкармалыгынын (YTB) вице-президенти Саид Юсуф жетектеген делегациянын Ош шаарына болгон сапары.

YTB вице-президенти Саид Юсуф жетектеген делегация бакалавр, магистратура жана докторантура студенттерин Түркиядагы ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн ОшМУнун теология факультетинде атайын маектешүү иш-чарасын өткөрүү үчүн 2020-жыл, 6-сентябрь кечки сааттарда Ош шаарына келди. 7-сентябрда аталган делегация ОшМУнун теология факультетинин деканы Доц. Док. Зайнабидин Ажимаматов жетектеген жамаат менен жолугуп, билим берүү тармагында кызматташуу боюнча пикир алмашышты. Иш-чаранын алкагында теология факультетинин жамаатынан жана Ыйман Гимназиясынын жетекчилеринен куралган чакан топтун коштоосунда Түркиядан келген коноктор ОшМУнун ректору Доц. Док. Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, алдыда жасала турган иш-чараларды талкуулашты. 8-сентябрда КМДБнын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары жана теология факультетинин окутуучусу Доц. Док. Ниязалы Ариповдун демилгеси менен YTB вице-президенти Саид Юсуф жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин ортосунда атайын жолугушуу уюштурулуп, билим берүү тармагындагы эки тараптуу мамилелер колго алынды. Иш-чаранын акыркы күнү Түркиядан келген делегация теология факультетинин жана Ыйман Гимназиясынын окутуучу курамынын коштоосунда Өзгөн шаарына сапар уюштуруп, Өзгөн архитектуралык комплекси жана Имам Сарахсийнин күмбөзүн зыярат кылуу аркылуу жергиликтүү калк менен жолугушту.
675 18:48 11-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|