Жанылыктар

Илимий жумалык

Бүгүн 2020-жылдын 28- апрель күнү теология факультетинде илим жумалыгынын экинчи күнкү "Ислам, илим жана учурдун көйгөйлөрү" аттуу онлайн конференциясында теология факультетинин магистрлери: Уланбек Абдыкаров: "КРнын түштүк аймагындагы диний экстремизмдин жайылтуу факторлору", Гулмира Абдыкалыкова:"Учурдагы аялдардын динге кызыгуусун анализи", Айзада Болотбекова:"Диний жамааттардын көз караштарындагы радикалдык жана экстремисттик элементтер", Одилахон Розиева :"Аялдар арасында диний радикализмдин жайылуу себептери", Абдирашит уулу Кубанычбек :" КРнын үй-бүлөө кодекси менен Ислам үй-бүлөө укугунун салыштыруусу" аттуу илимий баяндамаларын сунушту. Илимий онлайн конференциянын модератору теология факультетинин илимий иштери боюнча декандын орун басары доцент Н.Арипов. Конок катышуучу катары КМДБнын медресе жана диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов да катышып, суроолорго жооп берди.

933 23:27 28-04-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|