Объявления

«Ай жаңыруусун тактоонун илимий-диний негиздери»

Эл аралык илимий-практикалык конференция боюнча маалымат кат Рамазан айынын башталышы жана бүтүшү, ажыга баруу жана курман майрамын тактоо сыяктуу мусулмандардын жылдык ибадаттары айга карап, же болбосо ай календары боюнча белгиленет. Мусулмандардын биримдигин сактоо максатында илимий жыйындарды уюштуруп, туура чечимдерди алуу азыркы күндө өтө маанилүү. Ай календары боюнча бирдиктүү чечимдердин кабыл алынуусуна сунуш, пикирлер айтылып, келечекте мусулмандар көп жашаган өлкөлөрдүн ортосунда бирдиктүү иш алып барууга салым кошуу максатында Ош мамлекеттик университетинин теология факультети жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан «Ай жаңыруусун тактоонун илимий-диний негиздери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Конференцияга Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын муфтийлери да чакырылат. Конференциянын тематикалык багыттары: 1. Фикх аалымдарынын ай жаңыруусун тактоо боюнча көз караштары; 2. Төрт халифа учурундагы ай жаңыруусунун такталышы; 3. Ай жаңыруусун тактоо боюнча илимий методдордон пайдалануу; 4. Ай жаңыруусун тактоонун мусулман коомчулугунун биримдигин камсыздоодогу орду; 5. Ай жаңыруусун тактоо маселесиндеги географиялык айрымачылыктар. Конференциянын өтүү убактысы: 20-декабрь 2014-жыл. Өтүлүүчү жайы: ОшМУнун башкы корпусу, ЧАЗ Эскертүү: Чакырылган коноктордун бардык чыгымдары (жол, жатакана, тамактануу) теология факультети тарабынан камсыздалат. Байланыш телефону: 0550 28 19 41; 0773 43 08 41 Факс: (032 22) 4-36-04 э-почта: zaynabidina@mail.ru
3986 13:51 09-12-2014

                 

Объявления

|< 1 >|