Жанылыктар

Теология факультетинде жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу болду

2019-жылдын 12-ноябрында ОшМУнун теология факультетинин базасындагы орто кесиптик билим берүү, бакалавр жана магистратура программаларынын максаттары, окутуунун натыйжалары, ар бир программа боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, бүтүрүүчүлөрдүн коомдогу орду жана тиешелүү тараптарлар менен кызматташуууну жогорку деңгээлге чыгаруу максатында стейкхолдерлер менен жолугушуу болду. Жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын окуу иштери боюнча башчысы Эргешов Акимжан ажы, АВЕП коомдук фондунун башкы менеджери Кыдыргычов Нарынбек, Ош шаарындагы Умму Мухаммад медресесинин мүдүрү Курбанбеков Мухаммадияр, Араван районундагы Имам Бухарий медресесинин мүдүрү Сайипжанов Мухаммадусмон, Кадамжай районундагы Имам Азам медресесинин мүдүрү Сайназаров Исмаил, Жалал-Абад облусундагы Илимтат медресесинин мүдүрү Турушева Алтынай катышты. Жыйындын аягында стейкхолдерлерге факультеттин басылмаларынан Дивани Хикмат китеби белекке берилди.

1010 15:44 15-11-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|