Жанылыктар

ОшМУда «Дин менен илимдин өз ара байланыштары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү

2019-жылдын 14-ноябрында ОшМУнун жыйындар залында «Дин менен илимдин өз ара байланыштары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп. Иш-чарага Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБ аппарат башчысы Садыбакас ажы Доолов, аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязали ажы Арипов, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн адиси Борумухаммед Эсенов, ОшМУнун ректору, ф.и.к. доцент Кудайберди Кожобеков, Теология факультетинин деканы, децент Зайлабидин Ажимаматов, тарых илимдеринин кондидаты Нурумбетов Аттокур, Теология фаультетинин деканынын орун басары Абдулмежит Исламоглу, теология факультетинин окутуучулары, райондун баш имам хатиптери жана мечит имамдары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевке жана КМДБ аппарат башчысы Садыбакас ажы Дооловко ОшМУ менен ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков тарабынан ыраазычылык каттары тапшырылды. Конференциянын аягында имамдарга жана дин кызматкерлерине 7 томдуу «Хадистердин негизинде Ислам» китеби таратылды.

1148 23:41 14-11-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|