Жанылыктар

ТТГФ: ЕРАСМУС+ ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА 5 МЛН СОМ ӨЛЧӨМҮНДӨ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТЫЛЫП КЕЛДИ

2019-жылдын 23-декабрында Ерасмус+ программасынын «Борбордук Азияда курчап турган чөйрөнү коргоо: мейкиндик усулдарын колдонуу менен кырсыктар тобокелчиликтерин башкаруу” аттуу долбоордун (координатору профессор Низамиев А.Г.) алкагында 5 млн сом (64 000 евро) өлчөмүндө жабдуулар келип түштү. Алардын ичинде окуу жана илимий процесстери үчүн чоң программаларга ылайыкташтырылган 18 компьютер, сервер, 2 ноутбук, галикастер, 2 принтер, 2 проектор (кинозал үчүн), кесипкөй видеокамера, GPS, спектрорадиометр бар. Бул жабдуулардын негизинде ТТГФде атайын окуу борбору түзүлөт жана окумуштуулар, магистрлер жана студенттер үчүн кызмат кылат.
986 13:01 09-01-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|