Жанылыктар

ТТГФ: Россия мамлекеттик педагогикалык жана Наманган мамлекеттик университеттери менен видеосеминар уюштурулду

2019-жылдын 11-декабрында ТТГФнин география багытындагы кафедраларынын мүчөлөрүнүн катышуусунда Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин (Санкт-Петербург ш.) география факультети жана Наманган мамлекеттик университетинин табигый илимдер факультетинин кызматкерлери менен биргеликте видеосеминар уюштурулду. Анда география илиминин жана географиялык билим берүүнүн азыркы проблемалары чогуу талкууланды. Үч тарап тең окуу жана илимий процесстерде биргелешип иш алып баруу заман талабы экендигине ынанышты жана кызматташуу жаатында келечек пландарын талкуулашты.
1017 12:58 09-01-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|