Жанылыктар

АССТ кафедрасы онлайн форматта ата-энелер менен чогулуш өттү

АССТ кафедрасы Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия адистигинин студенттеринин ата-энелери менен аралыктан ZOOM тиркемесин пайдалануу менен онлайн жолугушуу уюштурду.

Ата-энелер чогулушунун алгачкы сөзүн кафедра башчысы м.а., доцент У.Д. Молдояров сүйлөдү: Азыркы учурдагы кырдаалды түшүндүрүү менен кеңешменин жүрүшүндө жолугушуунун максатын айтып төмөндөгүлөрдү сүйлөдү:

Урматтуу ата-энелер негизинен жолугушуунун максаты:

1. Ата – энелерди ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетиндеги окуу – тарбиялык процессинин мазмуну жана методикасы менен тааныштыруу (ЖОЖдун миссиясы, максаттары, окуу системасы, өнүгүү жолдору, окуудан сырткары өткөрүлүүчү ЖОЖдор аралык олимпиадалар, иш-чаралар, кружоктор ж.б);

2. Руханий байлыгы жогору, адеп-ахлактык жактан таза, дени сак инсандарды тарбиялоо үчүн шарттарды түзүүдө ЖОЖ менен ата – энелердин ортосунда байланыш түзүү жана аларды бириктирүү.

Эгер мындан да көбүрөөк маалымат алганды кааласаңыздар ОшМУнун www.Oshsu.kg сайтынан көрсөңүздөр болот.

Кеңешменин жүрүшүндө У.Д. Молдояров жогоруда аталган максаттарга кенен токтолуу менен ата-энелердин ар түрдүү суроолоруна жооп берди жана ата-энелердин сунуштары, ой-пикирлери кафедра үчүн чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

891 10:18 17-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|