Жанылыктар

СТУДЕНТТИК ОН-ЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ

СТУДЕНТТИК ОН-ЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ

Ош мамлекеттик университетинде 2020-жылдын 28-ноябрында"Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу VII аймактык студенттик илимий он-лайн конференция болуп өттү. Аймактык студенттик конференцияга ЖАМУ, ОГПИ, КӨУ, ОшТУ ж.б. ЖОЖдордон 200дөн ашуун студенттер жана магистранттар катышышты.

Адаттагыдай математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенттери жана магистранттары байгелүү орундарды беришкен жок. Пленардык баяндамада ИК(б)-1-17 тайпасынын студенти Алиева Зинат Исраилбековна "Он-лайн формасында билим берүүнүн актуалдуу маселелери" аталышында мазмундуу баяндама жасады.

Жалпы 11 секцияда илимий баяндамалар угулуп, төмөнкү студенттерибиз I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты:

"Математика илимдери" аталышындагы II секцияда

I орун : ПМИ(б)-1-19 гр. студ. Абдилазиз кызы Айдана «Сингулярдуу козголгон турактуу коэффиценттүү дифференциалдык теңдеменин чечимин изилдөө» (жетекчиси: матанализ каф. улук окут. Абдилазизова А.);

II орун: МК(б)-1-17 гр. студ. Жумаш кызы Наргиза «Туунду жана анын колдонулуштары” (жетекчиси: матанализ каф. улук окут. Камбарова А.);

III орун : ПМИ(б)-2-19 гр. студ. Исламова Диана «Жогорку тартиптеги дифференциалдык теңдемелердин прикладдык маселелерде колдонулуштары» (жетекчиси: матанализ каф. улук окут. Абдилазизова А.).

магистранттар арасында:

I орун: МК(м)-1-19 гр. магистранты Дөөлатбекова Назира «Геометриялык түшүнүктөрдү калыптандырууга системалык мамиле жана Б. Блумдун таксономиясы» (жетекчиси: АжГ каф. проф. Матиева Г.);

II орун: МК(м)-1-19 гр. магистранты Мурзакматова Гулина «Геометриялык фракталдарды түзүүгө берилген маселелер жана алардын сүрөттөлүштөрүн компьютердин жардамында алуу” (жетекчиси: АжГ каф. доценти Папиева Т.М.).

"Санариптештирүү жана онлайн билим берүүнүн маселелери" аталышындагы I секцияда

III орун: ПОВ(б)-1-20 гр. студ. Кеңешбек кызы Азиза "Аралыктан окуу" (жетекчиси: АССТ каф. окут. Сүйүнбек уулу А.).

«Информациялык технологиялар жана энергетика» аталышындагы III секцияда

I орун:

1. ИСТ(б)-3-18Р гр. студ. Нишанов Тилаболди "Интернет тармагында информациялык коопсуздукту камсыздоо" (жетекчиси: ИСП каф. улук окут. Абдирайимова Н.А.);

2. ПОВ(б)-1-18Р гр. студ. Таштемиров Абай "ОшМУнун авто жооп берүүчүсүн телеграмм каражаты аркылуу автоматташтыруу" (жетекчиси: АССТ каф. доценти Беделова Н.С.);

II орун:

1. ИСТ(б)-3-19Р гр. студ. Рахманбердиева Диана " Актуальность языка Python при разработке информационных проектов" (жетекчиси: ИСП каф. окут. Маткалык кызы К.);

2. ПИЭ(б)-1-18 гр. студ. Шардаева Айпери "Virtual Box каражатынын мүмкүнчүлүктөрү" (жетекчиси: АССТ каф. улук окут. Сейитказыева Г.)

III орун:

1. МТО(м)-1-20 гр. магистранты Мыктыбек кызы Махабат "Проекты, их классификация" (жетекчиси: МИОТжББМ каф. доценти Келдибекова А.О.);

3. ИСТ(б)-3-19Р гр. студ. Алишов Азирет "Топ 10 мобильных приложений для дистанционного обучения программиста" (жетекчиси: ИСП каф. окут. Омаралиева Г.).

"Педагогика, окутуунун технологиялары жана билим берүүнүн маселелери" аталышындагы X секцияда

II орун: МТО(м)-1-20 гр. магистранты Раимжанова Айтурган "Роль инновационной среды в педагогической среде" (жетекчиси: МИОТжББМ каф. доценти Келдибекова А.О.).

Жогорудагы студент жана магистранттарыбызды даярдап, жетектеген агай-эжекелерибизге факультеттин атынан ыраазычылык билдиребиз! Бекем ден соолукта берекелүү, мазмундуу өмүр сүрүңүздөр.

1083 17:21 30-11-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|