Жанылыктар

25-ноябрь, 2020-жыл. ОшМУнун ректорунун кубогуна арналган интеллектуалдык оюн өттү. Ага чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенттери жигердуу катышышты.

25-ноябрь, 2020-жыл. ОшМУнун ректорунун кубогуна арналган интеллектуалдык оюн өттү. Ага чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенттери жигердуу катышышты. Ош мамлекеттик университетинде “Жаштар-илим, искусство, маданият” айынын алкагында 24-ноябрда ОшМУнун ректорунун кубогуна арналган Ош шаарындагы ЖОЖдор арасындагы студенттердин интеллектуалдык оюну болуп өттү. Интеллектуалдык оюнга жалпысынан 5 команда катышып, жыйынтыгында: 1-орунду (10 миң сом) Ош мамлекеттик университетинин командасы (арасында Чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенттери: Орунбай уулу Куттубек жана Полотбек кызы Канайым бар), 2-орунду (7 миң сом) Ош мамлекеттик юридикалык институтунан келген команда, 3-орунду (4 миң сом) Кыргыз-Өзбек университетинин командасы ээледи. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде ректор К. Кожобеков студенттерди билим майрамы менен куттуктап, жаштардын интеллектуалдык жактан өнүгүүсүн, алардын ортосунда достук мамилелерди орнотууну шарттаган мындай конкурстарды мындан ары дагы башка окуу жайлар улантып, керек болсо, республикалык деңгээлде өткөрүү зарыл экендигин белгиледи.
712 16:51 27-11-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|