Жанылыктар

23-май, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде Түркиядан онлайн-конок-лекция т.и.к., доцент Исабаева Н.А. тарабынан өтүлдү.

23-май, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде Түркиядан онлайн-конок-лекция т.и.к., доцент Исабаева Н.А. тарабынан өтүлдү. 23-май күнү саат 17:00 дөн - 18:30 га чейин ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин “Чыгыш таануучулар” клубунун демилгеси жана уюштуруусу менен ZOOM платформасы аркылуу кезектеги “онлайн-конок-лекция” өтүлдү. Конок лектор - Исабаева Назгул Акылбековна, тарых илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых жана аймак таануу факультетинин доценти, Түркиядагы Ван кыргыздары боюнча адис учурда Туркияда жашап, Ван аймагындагы кыргыздар боюнча комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. “Конок лекциянын” темасы – “Туркиядагы Ван кыргыздары” - деп аталып, теманын айланасында кызыктуу маалыматтар айтылып, лектор студенттер менен окутуучулардын суроолоруна жооп берди. Лекторго чыгыш таануучулар менен тарыхчылардын атынан терең ыраазычылык билдирүү менен чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
995 19:27 25-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|