Жанылыктар

«Anatomicum», 2020, июль: КИСЛОРОДНЫЕ КОНЦЕНТРАТОРЫ ОТ ОШГУ переданы Ошской городской больнице

🔵 ОшМУнун окутуучулары Ош шаардык ооруканасына жети даана кычкылтек концентраторун беришти 🔵 Ош мамлекеттик университетинин жамааты каражат топтоп 24 саат үзгүлтүксүз иштөөчү жети даана кычкылтек концентраторлорун Ош шаардык ооруканасына тапшырды. Ага кошумча учурда зарыл болгон медициналык каражаттар: алты даана кварц лампасын, кандагы кычкылтектин денгээлин, сатурациясын өлчөөчү алты даана пульсоксиметр, алты даана пульверизатор жана 140 даана респиратордук беткап да берилди. Мындан сырткары окуу жайдын беш жатаканасында уюштурулган ооруканада иштеп жатышкан 51 медкызматкерлерге түшкү тамак берилип жатат. 🔵 Бейтаптарга медициналык жардам берүү максатында Ош мамлекеттик университетинде түзүлгөн резервдик тобундагы тогуз дарыгер-ординатор Чон-Алай районунда, он медкызматкер Кара-Кулжа районунда, беш дарыгер-ординатор Ош шаарындагы Газпром спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационарда, 45 медкызматкерлер ОшМУнун медклиникасында иштеп жатышат.
680 13:04 10-11-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|