Жанылыктар

“ANATOMICUM”, 2019, ноябрь: ОШМУНУН ЖАҢЫ – “ДҮЙНӨЛҮК ТОП-700 УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН КАТАРЫНА КИРҮҮ” СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТЫ КАФЕДРАДА ТАЛКУУЛАНДЫ

2019-жылдын 21-ноябрындагы кафедранын кезексиз отурумунда 2019-2024 – жылдарга карата ОшМУнун өнүгүү КОНЦЕПЦИЯСЫ талкууланып, иш-чаралар белгиленди. “Дүйнөлүк ТОП-700 университеттердин катарына кирүү” стратегиялык багыты боюнча кафедрада атайын стенд уюштуруу, ички жана сырткы стейкхолдерлер менен бөлүшүү, куратордук сааттарда студенттерге жеткирүү, кафедралык иш-пландарга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү иш-чаралары белгиленди. Жыйындын аягында кафедра мүчөлөрүнө ОшМУнун миссиясы тууралуу анкетирлөө өткөрүлүп, жыйынтыктары чыгарылды. Бул иш-чара 1-СТАНДАРТ жетекчиси доцент, К. Сакибаев жетектеген жумушчу топтун сунушу менен критерийлерине ылайык уюштурулду.
1253 12:06 25-11-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|